22-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.