22-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 23-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасы, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык зоналарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз+31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22 градус, күндүз +36…+38 градус болот.