22-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгыр болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз+29…+34;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22 градус, күндүз +33…+35 градус болот.