22-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун өрөөн зонасында жана Ош, Жалал-Абад, облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +26…+28 градус болот.