22-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндуз +11…+16 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус жылуу болот.