22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29° жылуу болот.