22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…+2° жылуу болушу ыктымал.