22-январга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Эртең, 22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -4…+1

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…-5

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз -4…+1

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз -4…+1

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус, күндүз -1…+1 градус болот.