228 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде 228 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 149, Чүй облусунда — 45, Ош шаарында — 8, Ош облусунда — 3, Таласта — 2, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 16. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 93 миң 831 кишиге жетти.

Коронавирустан акыркы күндө 4 киши каза болду. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 582 адамга жетти.

Бүгүнкү күндө илдеттен дарыланып жаткандардын саны 3 миң 209 бейтапты түзөт. Анын ичинен оор абалдагылар — 354, ал эми өтө оор абалдагылар — 63 киши.