23.03.23 кооз датасында өлкөдө 199 түгөй баш кошту

2023-жылдын 23-мартында өлкө боюнча 199 жубайлар өз мамилелерин каттатышкан. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында жалпысынан 104 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган. Борбор калаадагы үйлөнүү үлпөт ордосунда 62 түгөй баш кошсо, Ош шаарындагы үйлөнүү үлпөт ордосунда 8 түгөй баш кошкон.

«Статистикалык маалыматтарга ылайык, жаңы үйлөнгөндөр өзгөчө күн үчүн кызыктуу даталарды тандап алууда. Бүгүнкү күндө үйлөнүү үлпөтүнүн кооз датасын тандоо тенденциясы – күндүн, айдын же жылдын сандары кайталанган тегерек даталар, «күзгү даталар» же Валентин күнү жаңы үйлөнгөндөр арасында абдан актуалдуу», — деп кошумчалады министрлик.