23-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +31…+33 градус болот.