23-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-декабрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз +1…-6

Бишкекте түнкүсүн -6…-8°, күндүз 0…+2°.