23 жыл мурда кыргызстандык жубайы менен урушуп, үйдөн чыгып кеткен. Ал Орусияда изделип жатат

Орусиянын Тюмень шаарында кыргызстандык үй-бүлө 23 жыл мурун жоголгон Жанузак Жылкычиевди издеп жатканын «Тюмень онлайн» басылмасы жазып чыкты. Азыр ал 70 жашта.

Дайынсыз жоголгон жарандын келининин айтымында, ал 2000-жылга чейин кыргыз айылында жашаган. Ошол жылы ал аялы менен уруша кетип, үйүнөн чыгып кеткен. Ошондон кийин ал туугандары менен байланышка чыккан эмес. Анын 8, 18 жана 20 жаштагы үч баласы калган.

Алгач киши Бишкекке барган. Тааныштары Жылкычиев ошол жерде иштеп, жашап жатканын айтышкан. Адегенде алар аны издешкен эмес, себеби туугандары таарынып калган. Андан соң издеп башташкан, бирок майнап чыккан эмес.

Издөө учурунда туугандары орусиялык “Жди меня” программасына кайрылышкан, бирок бир-эки жыл мурун Жылкычиев Тюменде жашайт деген маалымат тараган – аны кыргызстандык айылдаштары таанып калышкан. Бирок андан эч кандай байланыш алынган эмес.

Издөөдө жүргөн жарандын жакындарынын айтымында, ал Тюменде курулушта иштеши мүмкүн. Үйлөнүп, балалуу болгон деген кептерди да угушкан. Кыргызстанда Жылкычиевдин жубайы күтүүнү улантууда.