23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Жалал-Абад -Абас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +5…+7 градус болот.