23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.