23-январга караган түнү Бишкектеги жер титирөө 4-5 баллга жеткен

Эмне үчүн ӨКМ жер титирөөдө эмне кылуу керектигин жер титирегенден кийин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

«Эмнеге бул иш-чараны өткөрбөйсүздөр?» — деди депутат.

ӨКМ башчысынын орун басары Азамат Мамбетов байма-бай окутуулар өткөрүлүп турарын билдирди. «Эл эшикке чыга качты. Демек коопсуздук маданият бар экенин баамдадык», — деди ал.

«Жер титирөөнү алдын ала айтуу методикасы жок. Очогунда 7,1 балл болду. Караколдо 5 балл, Бишкекте 4-5 баллга жетти», — деди министрдин орун басары.

Кечээ, 23-январда Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирген.