24.01.24 кооз датасында өлкөдө 184 түгөй баш кошту

Ушул жылдын биринчи кооз датасында — 24.01.24 республика боюнча 184 түгөй никеге турушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 түгөйлөр баш кошту.

2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1430га көбөйгөн. 2024-жылдын январь айында 2838 түгөй никеге турган.