24-29-апрель күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

24-апрелден 29-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 207-246 чакырымдарында Ала-Бел ашуусу; Чычкан капчыгайы;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болот.