24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн −3…−8°
күндүз +2…+7°

Талас облусу
түнкүсүн −3…−8°
күндүз +1…+6°

Баткен облусу
түнкүсүн −1…−6°
күндүз +3…+8°

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн −1…−6°
күндүз +3…+8°

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 0…−5°
күндүз 0…+5°

Нарын облусу
түнкүсүн −9…−14°
күндүз 0…−5°

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн −3…−5°, күндүз +5…+7°.