Айрым аймактарда кар жаайт. 24-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 24-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз+8…+3;

Талас облусунда түнкүсүн-3…+2, күндүз+7…+12;

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз+10…+15;

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1..+6, күндүз+10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз+3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн-10…-15, күндүз 0…+15;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус болот.