«24 жыл алдадың, сага 3 саат берем». Алымкадыр Бейшеналиевдин кезектеги тиреши башталды

«24 жыл алдадың, сага 3 саат берем». Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев микрохирургия клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкуловго карата билдирди.

«Клиниканы бошотпосоң, сенде көйгөйлөр жаралат. Түшүндүңбү? Кыргызстанды 24 жылдан бери алдап келдиң. Мен бул жерге күзөтчүлөрдү алып келдим. Эч ким кирбейт. Баягы жолу сени эскерткем, 10 күн сурадың эле. Мындан ары да алдайын деп жатасыңбы? Үч сааттан кийин келем, бул жерде кызматкерлериң калса, анда сенде чоң көйгөйлөр болот», — деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-мартта Алмазбек Исманкуловдун микрохирургия клиникасына барды. Медициналык борбордун кире беришинен тосуп алган администратор министрге Бишкек шаардык кеңешинен келишимдин бузулганы тууралуу чечимди кат жүзүндө колго алыша электигин билдирди.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Алмазбек Исманкуловдун клиникасын имараттан чыгаруу пландалып жатканын маалымдашкан.