24.kg редакциясында тинтүү жүрүп жатканы маалымдалды

24.kg маалымат агенттигинин редакциясында тинтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган редакциядан билдиришти.

«УКМКнын кызматкерлери келишти. Адвокаттарды имаратка киргизбей жатышат. Азырынча эч нерсе түшүнүксүз», — деп жазышты аталган редакциянын журналисттери.

УКМК окуя тууралуу маалымат берише элек.