24.kg редакциясындагы тинтүү: УКМК жетекчилерин унаага салып кетишти

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева, редакторлору Махинур Ниязова жана Антон Лымарь УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тинтүүдөн кийин алардын унаага салынган видео тарады. Алардын кармалган-кармалбаганын, же суракка алынар-алынбасы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.

Махинур Ниязованын айтымында, тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган макалалардын бирине байланыштуу.


Ошондой эле тинтүүдөн кийин техника жана документтер редакциядан чыгарылып, басылманын кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Тинтүүгө Биринчи Май райондук соту уруксат бергени маалымдалууда.

УКМК окуя тууралуу маалымат берише элек.