24.kg сайтынын кожоюну кайрадан алмашты

Бир апта өтпөй 24.kg сайтынын кожоюну кайрадан алмашты. Аталган сайттын жаңы кожоюну жана жетекчиси Алмасбек Турдумаматов болду.

Ал Курманбек Бакиевдин кезинде президенттин басма сөз кызматын жетектеген.

Кечээ, 18-мартта соцтармакта 24.kg сайтынын негиздөөчүлүгү Асел Оторбаевадан «Назарньюс» сайтынын редактору катары таанымал Гүлжан Шерипбаевага өткөнү тууралуу сүрөттөр тараган. Бирок СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Гүлжан Шерипбаева менен байланышканыбызда, анын 24.kg сайтына эч кандай тиешеси жок экенин айткан. «24.kg сайтына эч кандай тиешем жок. 1-2 күндө ким болорун билесиңер»,- деген ал.

Ошол эле учурда 24.kg редакциясынын шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кеткенин билдирди.