24-майдан тарта өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт

24-майда күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

24-26-май күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.