24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-жачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26° жылуу болот.