«25, 25, сүйүү багы бышкан кез». Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков сюрприз тартуулады

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков бүгүн 25 жашка толду. Ал туулган күнүндө «25 жаш» аттуу ырды ырдап чыкты.

Темирлан Султанбеков 1998-жылы 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинин Дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинде Эл аралык мамилелер программасы боюнча окуган.