25-26-май күндөрү «Мурас» салттуу достук мелдеши алтынчы жолу өтөт

25-26-май күндөрү өлкөнүн ар кыл тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт. Аталган достук мелдеш алтынчы жолу ойнотулат.

Катышуучулар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар, «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Элчилер», «Спорт чеберлери», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес».

Бул ирет өтүүчү турнирдин башкы өзгөчөлүгү – бул турнирге жаңы катышуучу командалардын кошулушу. Мисалга алсак, буга чейин эки башка командада ойноп келген «Банктар жана бизнес» өз күчтөрүн топтошту. Ал эми «Спорт чеберлери» командасы — футбол ардагерлери, спорт жылдыздары жана спорттук федерациялардын өкүлдөрүнөн топтолду. Андан сырткары, буга чейин күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн чогулган «Коопсуздук» командасынан сырткары, «Динамо» — ички иштер министрлигинин жана «Көзөмөл» — прокуратура органдарынын кызматкерлеринен чогулду.
Турнир Бишкек шаарынын «Газпром» спорткомплексинин жана Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында орун алат. Бардык каалоочулар аталган мелдештин оюндарына күбө боло алышат. Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулат.
Бул турнирдин негизги максаты — өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат. Турнир президенттин «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.
Расмий чүчүкулак тартуу аземи 23-майда өтүп, анын жыйынтыгында 16 команда 4 тайпага бөлүнүп, беттештердин жүгүртмөсү белгилүү болот. Оюндардын жүгүртмөсү тиркелген.