25-27-октябрь күндөрү Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

25-27-октябрда Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары? ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Бишкектеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө, ага байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бардык чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлөт.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарынын жана Чүй ОИИБдин өздүк курамы жогорулатылган күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт. Ага байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

— «Манас» аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырышты.