25-28-апрелде нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

25-28-апрелде туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштады.