25- апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 25-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Талас облусунда +2…+7, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+6 градус, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында 25-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…+6, күндүз +22…+24.