25-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн +15…+17°С, күндүз +32…+34°С.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: түнкүсүн +12…+14°С, күндүз +22…+24°С.