25-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 25-августта түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөн зонасында, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +32…+34 градус болот.