25-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +3…+8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз +4…+6 градус жылуу.