25-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 25-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.