25-ноябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.