«250 миң доллар нак тергөөдө турат». Сыймык Жапыкеев Мелис Аспеков боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев абакта жаткан Мелис Аспековго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз кайтыш болгондо — Түптөн таанышкам. Сизди мактап бүтпөйт эле, эң биринчилерден аны тарапташыңыз, иниңиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу «Мекенчил» партиясына чакырган. Болду, андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Мени «сыйлайм» деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес.

Былтыр революция күнү чырылдаган ушул жигит эле, сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жаныңызда бир айга жакын жүрдү. Анан эле камалды, 250 миң Дашковдон алды деп камалганын уктум, интернеттен көрдүк. Чынында кандай болгонун билбейбиз. Бирок 250 миң доллар алган күнү деле, келтирилген зыян нак тергөөдө турат да, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервдин айынан өтө начарлап кетти деген маалыматты Ютубтан көрдүм. Садыр Нуркожоевич, ушул жигитке жаман болду. Түрмөдө жылан жатпасын, Мелиске ырайым көрсөтүңүз, камактан чыгарып берсеңиз туура болмок деген ойдобуз. Менимче, Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Үй камагына чыкса дурус болот эле», — деп жазды ал.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу.