Эртең, 26-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй обулусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +1…6, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21.