26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32.
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +38…+40 градус болот.