26-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 27… + 32

Талас облусунда түнкүсүн +11… + 16, күндүз + 26… + 31

Баткен облусунда түнкүсүн +21… + 26, күндүз + 30… + 35

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21… + 26, күндүз + 30… + 35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14… + 19, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз + 23… +28

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +29…+31.