26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаап, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүйдүн өрөөн зонасында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында түндүн биринчи жарымында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +27…+29 градус болот.