26 жаштагы 3 балалуу келиндин сырдуу өлүмү. Келиндин туугандары менен жолдошу эмне дейт?

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндөгү батирлердин биринде 26 жаштагы келиндин жансыз денеси асынган абалда табылган. Бул өлүм тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Бул видеодо артында 3 баласы калган маркумдун бир туугандары жана жолдошу келиндин өлүмү тууралуу айтып беришти.

«Мен акыркы жолу сиңдим менен ошол эле күнү сүйлөшкөм. Суук кабарды күйөө баласы эжеме чалып айтыптыр. Апама да чалып, «кетпей эле койсоңор болмок, кызыңар асынып алыптыр» деп айтып, телефонду коюп салыптыр. Биз барсак, күйөө баламдын ата-энеси, «Тез жардам» келиптир. Кирсем эле милиция курчап калыптыр, суицид дешти. Мен ишене алган жокмун. 

Эжемди турмушка окуусун бүткөндөн кийин узаттык. Экөө жакшы көрүп эле үйлөнүшкөн. 2018-жылдан урушу башталды. Мен азыр билбейм, балким өзү өлдү, балким асып койду», — деди бир тууганы.

«Экөөбүз ынтымактуу эле жашап жатканбыз. Ошол күнү апам келет деп, мен атамдардыкына кеткем. Экөөбүздүн ортобузда чыр деле жок болчу. Шеринеге бармакпыз. Ошол жакка эле бара бер дегем. Батирге барсам эле балдарым ыйлап жатыптыр. Жубайым асынып калыптыр. Милиция, «Тез жардамга» чалгыла деп жаттым. Асынып турган жеринен түшүрүп, баламды алып, бери жакка кирдим. Апасына чалдым. Мен азыр да таң калып, түшүнө албай жатам. Эртеси милиция чакырып, мени кармап турушту. Мен өлүкканага ошентип бара албай калдым. Кайын жагым мага сөөктү бербей коюшту. Алып кетишти. Жаназага да барбай, топурак сала албай калдым. Сонун пландарыбыз бар болчу. Эмнеге мени күнөөлөп жатышат билбейм. Мен ошондой жолго бара турган болсом, мен бул жакка келбейт элем. Милицияга өзүмдү өзүм салып бермекмин», — деди жолдошу.