26 жаштагы Элдияр Токтосунбек уулу бир нече айдан бери дайынсыз болуп жатат

Ушул жылдын 22-апрелинен бери дайынсыз болуп жаткан Элдияр Токтосунбек уулу изделип жатат. Ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы, көзү кара.

Кийген кийими: кара өңдөгү жемпер, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Кимде ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 60 79 89, 0312 43 88 85, 0312 60 77 27, 03137 5 14 02, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0556 10 24 23 номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.