26 жаштагы жигит 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган делген окуя. «Кыз 17 жаштамын дегенинен сөйкө салалы дегенбиз» дейт жигиттин эжеси

Буга чейин «Сезим» борборунан кайрылышып, Кара-Көл шаарында 26 жаштагы жаран 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барып жүргөнүн билдиришип, ал кишинин жакындары акча берип, кыздын ата-энеси, туугандары менен сүйлөшүп, 13 жаштагы кызга сөйкө салууну сунуштап жатышканын айтышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жигиттин жакындары кайрылышып, алардын да өз чындыгы бар экенин айтышты. «Экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Биз Токтогулдукпуз. Кыз Кара-Көлдүк. Иним Кара-Көлгө жумуштары менен барып калып, ошол жактан таанышышкан экен. Анан эле иним үйдөгү жумуштары менен Токтогулга келет. Кыз эч кимге айтпай артынан келип алган. Апам «кызым, сенин жигиттин аркасынан үйүнө келгениң туура эмес» десе, «менин бул жакта тай жагым бар» деп койгон. Анан ата-энеси кызын издеп биздин үйгө келген. Кыз ошол учурда таенесиникинде болгон. Кызын таап сабап, алып кетишкен. Ошондой улам кыз иниме чалып, «мени үйдөгүлөр сабап жатат, мен чыдабай кеттим, өз өмүрүмө кол салам» деген экен. Анан иним экөө Бишкекке кетишиптир. Ошол учурда ата-энеси издөө жарыялаптыр. Ал жакта бир нече күн шаарды кыдырышыптыр. Бирок иним «кызга тийген эмесмин» деди. Милиция экөөнү тең алып келип, суракка алган. Башында экөөнүн тең көрсөтмөсү бирдей чыккан. Кийин кыз көрсөтмөсүн өзгөртүп жиберген. Кыз «сизге тийиш үчүн көрсөтмөмдү өзгөрттүм» деген. 

Сөйкө боюнча болсо, биз кыздын 13 жашта экенин билген эмеспиз. Ал бизге да, иниме да 17 жашта экенин айткан. «17 жашта болсо, сөйкө салып койсок, 18 жашка чыкканда үйлөнөт» деп жүргөнбүз. Кыздын 13 жашта экенин издөө жарыяланганда билдик. Экспертизанын жыйынтыгы 3 күн мурда чыкты. Иним ыпылас ишке барбаптыр»,- деди эжеси.