26 жаштагы Медербектин «Головной» аймагында жүргөн акыркы видеосу

26 жаштагы Медербек кыргыз-тажик чек арасынын аймагында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын аймагында каза болгон. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып, анын өлүм алдында тартылган видеосун жарыялашты.

Медербек Баткен шаарындагы эт саткан павильондордун биринде иштечү. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу угары менен достору менен «Головной» аймагына барган. Тилекке каршы, минометтон каза болгон. Достору ал кунү маркумдун сөөгүн алып кете алган эмес. Эртеси күнү гана Тез жардам унаасы менен моргго алып барышкан. 30-апрелде саат 16:00дө сөөгүн Баткен шаарында жерге беришкен.

Аны менен бирге «Головной» аймагында жүргөн Медербектин достору куралдан жана минометтон ок атуу учурун видеого тартып алышкан. Бир аздан кийин эле Медербек каза болуп калган.