26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

SONY DSC

Эртең, 26-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15

Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +11…+13° жылуу болот.