27-28-август күндөрү аба ырайы туруксуз болот

27-28-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

27-августта күндүз жана 28-29-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-29-август күндөрүндө абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18°. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоо сунушталат.