27-30-декабрь күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

27-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
  • 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.

Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.