27-апрелде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган китеп майрамы өтөт

27-апрелде Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматовдун изи менен” аттуу китеп майрамы өткөрүлөт. Бул тууралуу Илимдер академиясынан билдиришти.

Иш-чара Маданият министрлиги менен Илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган. Китеп майрамы Эмен багындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында өткөрүлөт.