27-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 27-апрелде түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…20,

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27 градус болот.